ЖКККББ кызматкери жана айдоочунун сүйлөшүүсү онлайн көзөмөлдөнөт

ЖКККББ кызматкери жана айдоочунун сүйлөшүүсү онлайн көзөмөлдөнөт

Мындан ары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү боди камералар (видеогрегистратор) аркылуу онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

«ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат  өтөөсүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Анткени, кызматкерлерге алардын ишин 24 саат бою көзөмөлгө алган боди камералар берилүүдө.

Бул камералар кызматкерлердин көкүрөк төшүнө же ийининдеги погонунун астына тагылып, кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл-аракеттерин онлайн көрсөтүү менен видео жана аудио форматта жазып сакталып, ИИМдин жетекчилиги аркылуу көзөмөлдөнүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктан белгилешкендей, видеорегистратор аркылуу кызматкерлердин гана эмес, аларга акча берип жоопкерчиликтен качууга аракет кылган айдоочулардын иш-аракети да жаздырылып, тийиштүү чаралар көрүлөт.

«Айрыкча, кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар менен болгон мамилесин, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышын, коррупциялык элементтерге жол бербөөсүн, чыр-чатак боло турган учурда керектүү далил фактылардын жазылуусун, жада калса, жоопкерчиликтен оңой кутулуу үчүн акча сунуштаган айдоочулардын да өңүн-түсү жана сүйлөгөндөрү видеоформатта жаздырылып, онлайн мониторинг жүргүзүү менен тийиштүү чаралар көрүлүп турат», — деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Учурда бул камералар Ысык-Көл облусунда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге берилген. Бүгүн, 26-июлда Чүй облусунун кызматкерлерине берилет. Ошондой эле алдыңкы күндөрү ЖКККББнын жер-жерлердеги бардык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерине тапшырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>