Кыргызстанда малдын экспорттолушуна тыюу салынгандыгына карабастан, эттин кымбатташы кайрадан байкалууда. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев билдирди.
Министрдин айтымында, акыркы айларда эттин баасы килограммына 280 сомдон 400 сомго чейин көтөрүлдү.
«Өздүк наркы 360 сомго түштү. Эми дагы, эт баалары 370-380 сомго чейин көтөрүлүп жатат. Мен дүң бааларды жарыялап жатам. Азыр биз продукциянын баасынын кымбатташынын себебин изилдеп жатабыз», — деди ал.
Анын айтымында, тирүү малга көз салуу механизми киргизилип жатат. Ал эми аны экспорттоого тыюу салынгандыгын белгиледи.