Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү
Германия Кыргызстанга 4,5 млн евро бөлөт. Каражат кайда жумшалат?
02.06.2023 | 11:01
Германия Кыргызстанга төрөт үйлөрү жана кургак учук ооруканасы үчүн 4,5 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
1-июнда Экономика жана соода министрлигинде Министрлер кабинети менен Германия өкмөтү каржылык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Каражат Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлорду курууга жана жабдууга, ошондой эле Бишкектин кургак учукка каршы ооруканасын жабдууга жумшалат.
Тараптар Европа Биримдиги аркылуу кызматташуунун жаңы форматынын оң динамикасын жана келечегин белгилешти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз