Сузактагы айыл өкмөттүн жетекчилиги кармалды

Сузактагы айыл өкмөттүн жетекчилиги кармалды

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн учурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө», — деп билдирет УКМК.

Маалымат караганда, Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы категорияга кирген жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасыны менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен. Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс айыл аймагынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.

«Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги «Бишкек-Ош» унаа жолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз сатышкан.

Кызмат адамдарынын жашаган жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган жасалмалуулуктун белгилери бар материалдар табылып, алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды жоопко тартуу максатында жер алдамчылыгынын бир нече фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>