Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Татарстан Кыргызстанга 10 миң көчөт белек кылды
02.06.2023 | 10:28
Татарстандык компания Кыргызстанга 10 миң ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн тапшырды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Жашыл көчөттөр Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү.
Бак-дарактар Чоң-Кемин паркынын, Фрунзе токой чарбасынын жана Чүй токой чарбасынын (Токмок) ортосунда бөлүштүрүлөт.
“Быйыл Татарстандан дагы 15 миң көчөт келүүсү күтүлүүдө”, – деп билдиришти министрликтен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом