Бишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсизДональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыялады
Хонда Фит унаасын уурдагандар кармалды
26.04.2022 | 10:20
Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбордун Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, 20-апрель күнү түндө Фрунзе көчөсүнүн боюнда токтоп турган «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Келтирилген материалдык чыгым 450 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Унаа каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тартип сакчылары үч шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты. Уурдалган унаа ээсине кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар