Назарбаевдин ысымын Казакстандын Конституциясына киргизүү сунушталууда

Назарбаевдин ысымын Казакстандын Конституциясына киргизүү сунушталууда

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ экс-президент Нурсултан Назарбаевдин макамын «Эгемен Казакстандын негиздөөчүсү» катары өлкөнүн баш мыйзамына киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган жумушчу топтун мүчөсү Ермек Абдрасулов 25-апрелдеги брифинг маалында билдирди.

«Баш мыйзамда Конституция жана конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салына турган нерселер жазылды. Жумушчу топ бул макамды мыйзамга кайрылып отурбастан эле, Конституциянын өзүнө киргизүү зарыл деп тапты. Тактап айтканда, Казакстандын туңгуч президенти — Эгемен Казакстандын негиздөөчүсү», — деди Абдрасулов.

Ал бул сунушту «туңгуч президенттин өлкөнү куруудагы зор эмгек жасаганы менен түшүндүрүп, ага бүтүн дүйнө күбө экенин» айтты.

Бул демилгени Казакстанда бир катар юристтер сынга алууда. Конституциялык укук боюнча юрист Акиф Сулейманов Баш мыйзамда казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жылдарга барып такалары жазылганын, Казакстан СССРдин таркашынан улам көз карандысыздык алып калганын белгилейт. Ошол себептүү ал Назарбаев Казакстандын негиздөөчүсү деп эсептелбей турганын билдирди.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент – елбасы макамы каралган. Айрым жергиликтүү юристтер Конституциянын бул макам жазылбаган 1995-жылкы үлгүсүнө кайтууну талап кылып келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>