Стоматологияда болгон окуя. Ишенимине кирип акчасын алдап кетти

Стоматологияда болгон окуя. Ишенимине кирип акчасын алдап кетти

23-апрель күнү Бишкек шаарынын тургуну  Ш.Б. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Бул туурасында Октябрь райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 11-сентябрь күнү 7-апрель жана И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан стоматологиялык борборлордун биринде жүрүп, анын ишенимине кирип, тиштерге брекет коюу шылтоосу менен 34 миң 500 сом акча каражатын алдап алган да, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Э.Н. кармалган. Убактылуу кармоочуу жайга киргизилген. Шектүүнү Октябрь райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Шектүүдөн жапа чеккендер же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(702) 071-263, 0(703) 333-201, 0(709) 009-126 жана 102 телефондоруна кайрылыңыздар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>