Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылды
Рыспек Акматбаевдин ата-энесинин өлүмү туурасында милиция үн катты
04.10.2021 | 14:05
4-октябрь күнү саат 10.05 чамасында Лексус 300 автоунаасынын айдоочусу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1937-ж.т. А. А., “Балыкчы-Ананьево-Каракол” автоунаа жолунун 26,00-чакырымынан, тагыраагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып ала салып кеткен.
Натыйжада айдоочу өзү жана жанындагы жүргүнчү болуп бара жаткан жубайы 1940-ж.т. Ү. С. экөө кырсык болгон жерден каза болуп калышкан.
Окуя Ысык-Көл РИИБнүн кылмыш жана жоруктарды каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин өздүк булактар маалымат тараткан. Милиция расмий маалымат бере элек болчу.
Кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин ата -энеси жол кырсыгынан каза болушту – сүрөт
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар