Бензин 3,7 сомго, дизель 4,8 сомго арзандашы ыктымал 

Бензин 3,7 сомго, дизель 4,8 сомго арзандашы ыктымал 

Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майлардын баасын туруктуу кармоо жана арзандатуу үчүн бийликке сунушун берди. Бул туурасында аталган мекеме билдирүү таратты.

Алардын сунушу боюнча, октябрдан декабрь айына чейин салыкты өзгөртүп туруу механизмин сунуштады.  Тагыраагы, акциз салыгынын ставкаларын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотууну  демилгелеп жатышат. Мындан улам азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүнө караганда, бул чаралар көрүлсө нефть иштетүү тармагы 2021-жылы пландык салыгын толугу менен жабат.

Эгерде бул сунуштар жүзөгө ашпаса октябрь айында нефтинин баасы өсүүсүн токтотпойт. Бул Орусиянын нефть иштетүүчү заводдорундагы баалардын кымбатташына алып келет дешет бирикме.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>