Камчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
Нарын шаарынын мэрин шайлоо 22-октябрга дайындалды
06.10.2021 | 10:32
Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоону 22-октябрга дайындады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков берилген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.
18-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков алдамчылык кылууга шектелип кармалган. Ал 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо алдамчылык жол менен ири суммадагы акчаны алдап алган деп кармалган.
Кийин Биринчи май райондук соту Нарын шаарынын мэри тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил каттын негизинде бошотулганын кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат