Күн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды
Улуттук банк коммерциялык бир банкка айып пул салды
14.07.2022 | 21:50
Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү коммерциялык банктардын бирине айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органы өзүнүн сайтында жарыялады.
Маалым болгондой, айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынды. Мындай чечим 7-июлда кабыл алынган.
Улуттук банк 23 банктын кайсынысы мыйзам бузганын жана айыптын көлөмүн тактаган жок.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айында да көзөмөл органы коммерциялык банкка мыйзам бузгандыгы үчүн айып салган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар