Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын бошотулушу боюнча түшүндүрдү

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын бошотулушу боюнча түшүндүрдү

 Бишкек шаардык соту майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын камактан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, окуя 2013-жылы сентябрда болгон. Жабырлануучунун энеси сотко 2015-жылы июнда кайрылган. Ошол жылы үч айдан кийин Сокулук РИИБ кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча жашы жете элек (16 жаштагы) эки адамга айып тагылган. Сот алардын баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тил катын жаздырып алган. Андан кийин тергөөдөгү кемчиликтерди карап чыгуу үчүн кылмыш иши укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Тергөөнүн кемчиликтери жоюлгандан кийин кылмыш иши 2018-жылы апрелде Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бир жылдан кийин Сокулук райондук соту эки айыпталуучуга карата өкүм чыгарып, бирөө 8 жылга, экинчиси 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Андан кийин райондук соттун өкүмү Жогорку Сотко чейин эки жолу даттанууга жөнөтүлгөн. Ал эми 2022-жылдын февраль айында кылмыш иши апелляциялык тартипте кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Кылмыш жасалган убакыттан тогуз жыл өткөндүгүнө байланыштуу жашы жете электерге карата (айыпталуучулар) мөөнөт эки эсеге кыскарган.

Буга чейин «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар өспүрүм кызды зордуктоо иши боюнча айыпталып жаткан эки киши айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыккан. Ал сот иши узак убакытка создуктурулганын да белгилеген

Сот кечээ, 13-июлда, айыпталуучулар күнөөлүү деп табылганын, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын билдирди.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>