Гаитиде криминалдардын кагылышуусу элди азапка салды

Гаитиде криминалдардын кагылышуусу элди азапка салды

Гаитинин жашоочулары өлкөдө коопсуздуктун начарлашына каршы чыгууда. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, бир апта ичинде өлкөдө криминалдык топтордун ортосундагы жаңжалдан кеминде 89 адам жабыркап, ондогон адамдар жарадар болуп, дагы 16 адам дайынсыз жоголгон.

Акыркы күндөрдө Гаитинин борбору Порт-о-Пренс шаарын көзөмөлдөп турган бандалардын кагылышуусу күч алды. Миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүндө камалып калышты.

Калк жыш жайгашкан Сите Солейл шаарында 7-июлда кагылышуу болуп, борбору менен Гаитинин түндүгүнө күйүүчү май жеткирүүчү жакын жердеги терминал иштебей калган. Май куюучу жайларда күйүүчү май түгөнүп, кара базардагы баалар асмандап, жергиликтүү эл ок атышуудан улам үйлөрүнө жашынууга аргасыз болуп, баш аламандыктар жергиликтүү экономикага чоң зыян келтирди.

Ачууланган мотоциклчендер жол жээгине тосмолорду орнотушкан

Кылмыштуу топтор полициянын аракетсиздигинен улам адамдарды уурдап кетишүүдө. Июнь айында эле 155 киши уурдалган.

Тэги: Гаити

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>