“Субару Форестер” уурдагандар колго түштү

“Субару Форестер” уурдагандар колго түштү

23 –сентябрга  караган түнү Москва районунун Төлөк айылынын тургуну 38-жаштагы М.С.аттуу жарандын короосундагы  “Субару Форестер” машинасын белгисиз кишилер уурдап кеткен. 1993 -жылы туулган Т.Т. 2000 -жылы туулган М.У. кармалып, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул туурасында Чүй милициясы кабарларды.

Маалыматка караганда, унаа Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагынан табылган.  “Субару Форестер” жакынкы аралыкта ээсине кайтарылып берилет.  Милиция кызматкерлери кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар жогун териштирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>