«Жаратман МУУН»: Бишкекте келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкек шаарындагы «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда «Жаратман МУУН» аталышындагы келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Иш-чараны Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурууда.
Форум студенттерди, жаш адистерди, билим берүү уюмдарын, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирет. Анын максаты — кесип тандоого багыт берүү, ошондой эле билим алуу программалары, гранттар, стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар тууралуу маалымат берүү болуп саналат.
Форумдун алкагында жасалма интеллект, робототехника, инженерия, энергетика, медицина, каржы, айыл чарба жана туризм багыттары боюнча тематикалык аймактар түзүлөт. Программада мастер-класстар, стартаптарды жана технологияларды көрсөтүү, ишкердик сессиялары, ошондой эле жаштар долбоорлорунун сынагы каралган.