Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
ИИМ дагы имаратынын алдына илинген туура эмес тууну алмаштырат
08.01.2024 | 11:32
Ички иштер министрлиги дагы имаратынын алдына көтөрүлгөн туура эмес тууну түшүрөт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге мекеменин маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов билдирди.
Анын айтымында, учурда жаңы желекти илүүгө даярдык көрүлүп жатат. Азырынча парламент тарабынан бекитилген үлгүсү ИИМ бериле элек.
Белгилей кетсек, 1-январь күнү Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына борбордук аянттагыдай туу илинген. Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгы парламент кабыл алган желекти көтөргөн.
Аянттагы байрак бүгүн кайра алмашты.
Депутаттар кайсы тууну кабыл алды эле? Аянтта жаңы, бирок башкача туу илинди (сүрөт)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом