Касмамбетов Садыр Жапаров эмнеге тууну көтөрүүгө катышпаганын айтты (видео)

Касмамбетов Садыр Жапаров эмнеге тууну көтөрүүгө катышпаганын айтты (видео)

Борбордук аянтка жаңы туу эмес, өзгөртүлүп, толукталган желек илингендиктен ага президент Садыр Жапаров катышкан жок. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге билдирди.

Ал өлкөнүн башкы символдорунун биринин өзөгү өзгөрбөгөнүн белгилейт.

“Эгер жаңы туу болсо, ошондо мамлекет боюнча иш-чаралар өтмөк. Буга толуктоо жана өзгөртүү гана киргизилди, андыктан желекти көтөрүү аземине президент катышкан жок”, — дейт Сүйүнбек Касмамбетов.

Ал 1-январь күнү “Ала-Тоо” аянтына туура эмес желек илингенин моюнга алды.

“Жакшы ниет, жакшы тилек менен толук такталбаган туу илинип, бир топ ызы-чууларды жаратты. Ал боюнча кийинчерек өзүнчө кеп кылабыз”, — дейт ал.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик мекемелердеги туу кезеги менен алмаштырыларын айтат.

“Мүмкүнчүлүгүнө жараша, чоң иш-чара уюштурбай эле, кадимки эле жумуш үстүндө тууну алмаштырат”, — дейт мамлекеттик катчы.

Белгилей кетсек, 1-январь күнү борбордук аянтка илинген желек коомдо кызуу талкуу жараткан. Анткени ал парламент бекиткен туунун үлгүсүнөн айырмаланып, күндүн нурлары бириктирилген желек болгон. Ушундай эле туу ИИМдин имаратынын алдына дагы көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы 1-январда илинген тууну туура жана мыйзамдуу деп кабарлаган.

Борбордук аянттагы туу кайра алмашты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>