ИИМ Екатерина Биволду сыртынан камакка алып, издөө жарыялады

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы социалдык тармактарда тараган видео боюнча кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 21-октябрында социалдык тармактарда Екатерина Бивол аттуу жарандын видеосу тараган. Анда ал өзүнүн медиадагы таасирин пайдаланып, кыргыз элине карата орой жана кемсинткен сөздөрдү айткан.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ИИББнын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Аталган берененин негизинде 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
2025-жылдын 25-октябрында 1990-жылы туулган Екатерина Игоревна Биволго сырттан айып коюлуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен сырттан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал учурда издөөдө деп жарыяланды.
Тергөө иштери улантылууда.