ИИМ кызматкерлери кармашып урушуу кубогунда жеңүүчү болушту

13.04.2023 | 10:32

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7- 9-апрель күндөрү Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” аталыштагы дүйнө кубогу өткөн.

Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти.

Бул спорттук иш-чарада 90 кг салмакта 2-орунду полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын капитаны Максатбек Пирматов, ал эми 3-орунду полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын Баткен облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкери милициянын старшинасы Ырысбек Зайиров ээлешти.

[image_carousel source=”media: 185730,185731″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top