Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Баткенде бала бакчанын жетекчисине кылмыш иш козголду
13.04.2023 | 10:02
Баткенде бала бакчада иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» бала бакчасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактылары болгон.
“Бул бала бакчада иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлүп турган”, – деп билдирет УКМК.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз