Бишкекте токтоп турган унаадан 480 миң сом салынган капчык уурдалды

Бишкекте токтоп турган унаадан 480 миң сом салынган капчык уурдалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө 26-март күнү К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 480 миң сомун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Милициянын маалыматына караганда, арыз ээси Ибраимов көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдан белгисиз адамдар Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаасын ачып, салондон 480 000 сом акча салынган капчыкты уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, 1992-жылы туулган Т.О., аттуу жаран кармалган.  Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Свердлов райондук соту шектүүгө карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады. Учурда тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>