Исламабадда АКШ жана Орто Азиянын аскер жетекчилери катышкан конференция өттү

29.07.2025 | 14:37

26-июлда Пакистандын борбору Исламабад шаарында АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жогорку аскер жетекчилери катышкан коргоо штаб башчыларынын аймактык конференциясы өттү. Бул тууралуу “Анадолу” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, “Байланышты бекемдөө, тынчтыкты камсыздоо” аталышындагы конференция терроризмге каршы аракеттерге, биргелешкен аскерий окууларга жана аскерий дипломатияга арналган.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Борбордук жана Түштүк Азиядагы коопсуздук абалынын өзгөрүшүн талкуулашып, кризистерге жооп кайтаруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.

Ошондой эле терроризм, киберкоопсуздук жана зомбулук экстремизм сыяктуу жалпы коркунучтарга каршы туруу менен тынчтыкты, өз ара урматтоону жана улуттук эгемендүүлүктү сактоого болгон жалпы умтулуусун ырасташкан.

Scroll to Top