Кадамжайда жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды

Кадамжайда жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды

Баткендин Кадамжай районундагы курулуш үчүн мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жайыт жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2016-жылы Кадамжай районунун акими М.А. мыйзам бузуу менен 14,5 га жайыт жерди калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өзгөртүү жөнүндө буйрук чыгарган. Бирок мындай буйрукту чыгарууга министрлер кабинети гана укуктуу.

2016-жылдан 2021-жылга чейин аталган буйруктун негизинде Ирелеш айылынын жергиликтүү тургундарына жеке курулуш үчүн жер тилкелери берилип, аларга «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн соттук иштердин натыйжасында, аталган 14,5 га жер тилкеси жайыт жерлердин баштапкы категориясына которулуп, анын ичинен 6 га жер тилке Исхак-Полотхан (Халмион) айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>