Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Кантта мектептин темир тосмосун уурдаган жаран кармалды
17.02.2022 | 09:00
Кант шаарында мектептин тосмосунун бир бөлүгүн уурдаган деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарында жайгашкан мектептердин биринде темир тосмонун бир бөлүгү уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды.
Алдын ала версия боюнча, уурдаган адам тосмону темир калдыктарын кабыл алуучу жайга өткөрүп берген. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар