Сулайманов Бейшеналиевге: Бала бакча маселесин чечүү үчүн лицензияны жокко чыгаргыла

Сулайманов Бейшеналиевге: Бала бакча маселесин чечүү үчүн лицензияны жокко чыгаргыла

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.

Жыйында депутат Алтынбек Сулайманов Бейшеналиевге билим сапатын көтөрүү үчүн кандай иштерди жасай турганын сурады.

Бейшеналиев заман талабына ылайык билим берүүнүн мазмунун өзгөртө турганын билдирди.

Эл өкүлү Сулайманов учурда билим берүү системасы 80-жылдар менен калып калганын айтты.

“Мен мектепте окуган программа азыр деле бар. 80-жылдагы жигулини эч ким айдабайт. Азыр эл “tesla” минип жүрөт. Сиз сыртта окуган билимдүү жигитсиз, айтылган иштерди жасап, ваучердик системаны киргизе аласызбы? Ошондой эле 2300дөй мектеп бар, аларга мыкты директорлорду кантип дайындайсыз?”,- деген суроолорду узатты.

Бейшеналиев: “Ваучердик системанын токтомун иштеп чыгып, өкмөткө киргизгенбиз. Ал эми учурда директорлор бекитүү менен дайындалууда. Алдыда конкурстук деңгээлде алып чыгуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Эгер колдоп берсеңиздер, мектеп директорлор сынактын негизинде кабыл алынат”, — деп жооп берди.

Сулайманов мектеп директолорун ата-энелер менен жамаат шайлашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле Сулайманов бала бакча маселеси курч көйгөй экенин, мунун чечүү жолу лицензияны жокко чыгаруу экенин билдирди.

“25-30 пайыз гана бала бакчага барып жатат. Коңшу Казакстан бул маселени лицензияны алып салуу менен чечти. Силер бир стандарт коюп бергиле, колунан келгендер бала бакча ача берсин”, — дейт Алтынбек Сулайманов.

Эл өкүлдөрү Алмазбек Бейшеналиевге бир топ суроолорду беришип, жыйынтыгында билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>