Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кара-Балта дарыясынан өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды
06.06.2023 | 09:12
Бүгүн, 6-июнда саат 06:30 чамасында Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 5-июнь күнү саат 18:38 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 97-чакырымында агып өткөн Кара-Балта дарыясына 2008-жылы туулган А.Э. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
5-июнь күнү жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 6 суучул тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом