«Перзент» тасмасы Нью-Йорктогу кинофестивалда көрсөтүлөт

«Перзент» тасмасы Нью-Йорктогу кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун «Перзент» кыска метраждуу тасмасы Нью-Йорктогу (АКШ) Азия киносунун фестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Кинофестиваль 14-30-июлда Линкольн-борбордун кино борборунда өтөт. Аталган фестиваль Түндүк Америкадагы абройлуу кинофестивалдардын бири болуп саналат.

Тасмада балдар үйүндө тарбияланган Марат тууралуу баяндалат. Ал бой жеткенден кийин ата-энесин издеп баштап, апасы сойкулук менен алектенгенин билет. Марат арасат абалда калып, жашоосу кыйрагандай болот…

Режиссер Караш Жанышов

Режиссер Караш Жанышов 28 жашта, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүн аяктаган. «Кош бол», «Меланхолия боектору», «Ташкентке жол» кыска метраждуу тасмаларын тарткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>