Кара-Балтадагы сойкулар иштейт делген сауналар жабылды – сүрөт

24.12.2021 | 11:57

Кара-Балта шаарындагы сауналардын биринде кардарларды интимдик кызмат көрсөткөн 25ке жакын кыз тейлеп, алардын ишин башка аялдар көзөмөлдөп жаткандыгы боюнча социалдык тармактарда тараган видеого Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан жооп кайтарылды.

Видеодо автор укук коргоо органдарын бул көйгөйгө көңүл бурууну өтүнөт.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бардык жагдайларды аныктоо жана Сокулук районунун ИИБ тарабынан толук жана объективдүү иликтөө жүргүзүү максатында аталган факты “сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө” беренеси менен сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканаларды аныктоого багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Видеодо автор көрсөткөн сауналар жабылып, иштебей турганы айтылды. Учурда тергөө иштери уланууда.

[image_carousel source=”media: 116331,116330,116332″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

“Кыздар интимдик кызмат көрсөтүүдө”. Кара-Балтада тургундар сауналарды жаптырууда – видео

Scroll to Top