Ноокенде 5 жаран “Хизбут-Тахрир” диний уюмдан чыкты

Ноокенде 5 жаран “Хизбут-Тахрир” диний уюмдан чыкты

Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү жана элдик кошуундар менен биргеликте профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлер Ноокен Достук, Кызыл-Туу, Шамалды-Сай, Адыр, Ынтымак, Таш-Дөбө жана Кыргыз-Коргон айылдарын кыдырышып, жалпы 3428 атуулду камтыган 712 кожолук текшерилди. Айыл тургундарынын көйгөй жараткан маселелери боюнча кайрылуулар кабыл алынып, милициянын көчмө кабылдамасынын каттоо журналына жазылды.

Ошондой эле мергенчиликти сүйгөн ок атуучу куралы бар 7 жана РИИБдин алдын алуу каттоосунда турган 57 атуул текшерүүгө алынды. Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын алкагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоодо турган 5 жаран өз ыктыярлары менен уюмдан чыккандыгын билдиришти.

Мындан сырткары мал уурулуктардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык араздашууларга жол бербөө максатында калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>