“Кыздар интимдик кызмат көрсөтүүдө”. Кара-Балтада тургундар сауналарды жаптырууда — видео

“Кыздар интимдик кызмат көрсөтүүдө”. Кара-Балтада тургундар сауналарды жаптырууда — видео

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургундарынын иштеп жаткан сауналарын жабуу фактысы боюнча видеокайрылууга жооп кайтарды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү иштери башталып, бул факты Чүй облусунун ИИБнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

2021-жылдын 19-декабрында саат 15:00дөр чамасында социалдык тармактарга Кара-Балтанын жергиликтүү тургундары шаардагы эки сауна жабылгандыгы тууралуу видеокайрылуу жарыялаган, анткени бул жерлерде жаш кыздардын интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталган. Алар бул жерлерде эже-карындаштары да болуп калышы мүмкүн экенин айтышып, тынчсызданып жатышканын билдиришкен.

Саат 15:55тер чамасында Жайыл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө аталган сауналар жайгашкан жерге 25-30дай жаш балдар чогулганы тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу, милиция кызматкерлери дароо коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн жерине барышып, бул маселелерди мыйзам чегинде чечүү зарылчылыгы тууралуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чогулгандарды саат 17:00 чамасында таратышкан.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында чогулган адамдар интимдик кызмат көрсөтүү жайларын уюштурган белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылышкан.

Бул арыз жана жергиликтүү тургундардын кайрылуусу Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган.

Бардык зарыл иш-чаралар материалдардын негизинде жүргүзүлөт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ИНТЕРНЕТ-ИЗДАНИЕ | КАРА-БАЛТА (@karabalta_live)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>