Эмне себептен мандат Жанар Акаевге берилиши керек? Жооп

Эмне себептен мандат Жанар Акаевге берилиши керек? Жооп

Эмне себептен мандат Жанар Акаевге берилиши керек?  Бул суроого “Альянс” партиясынын мүчөсү Шайырбек Маматокторов Бишкек өткөн тегерек столдо жооп берди.

Анын айтуусунда, “гендердик теңчилик” түшүнүгү  БШК тарабынан бурмаланган. Анткени, эмне себептен көп добуш алган талапкер жынысы үчүн мандатынан ажырап, ал үчүн жабыр тартышы керекпи? Бишкек шаарынын административдик соту акыйкат чечим чыгарган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан гендердик теңчилик боюнча эсептөөсү бурмаланып калган.

15-декабрда БШК 30 пайыздык гендердик баланс боюнча токтомун өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, 7 мандат алган “Альянс” партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат берилет деген маалымат тараган. Кийинчерээк аталган партия Бишкек шаардык административдик сотко кайрылып, ал сот Акаевдин пайдасына чечип берген. Кайра БШК Жогорку Сотко берээри айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>