Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз аракети менен мамлекетке 3 млн сомдук зыян келтирилген

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз аракети менен мамлекетке 3 млн сомдук зыян келтирилген

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз аракети менен мамлекетке 2 миллион 750 сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2009-жылы кабыл алынган мыйзамсыз токтому менен Т.Абакир уулу атындагы стадионго тиешелүү жеринин 816 чарчы метр аянты О.Т. аттуу жаранга берилип кеткенин райондук прокуратура аныктаган.

«Тергөө маалында белгилүү болгондой, жогорудагы социалдык багыттагы жер тилкенин базар баасы 2 млн. 750 миң сомду түзөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.

Мындан сырткары, айыл өкмөттүн жерди ажыратып берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтомун, анын негизиндеги мамлекеттик актыны жана соода- сатык келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыздар келтирилип, учурда соттук кароолордо», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>