Кара-Сууда окуучулар арасында “Зомбулуксуз жашоо” аттуу сынак өттү

14.12.2023 | 11:22

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мектеп окуучулары арасында “Зомбулуксуз жашоо” аталышында сынактык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө боюнча иштеген кызматтардын кызматташуусун бекемдөө, зомбулук жасагандарга мыйзамда кандай жоопкерчилик каралганын коомчулукка жеткирүү жана зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышуучуларга зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар-сабактарды өткөргөн.

Андан соң окуучулар өздөрү даяраган зомбулуктун түрлөрү жөнүндө сахналаштырылган оюн, ыр, бийлерди көрүүчүлөрдүн назарына тартуулашкан.

Жети мектептин окуучулары катышкан сынакта калыстардын чечими менен 1-орунга №112 “Манас” атындагы орто мектеп, 2-орунга №69 “Бобур” атындагы орто мектеп, 3-орунга №66 “В.И.Ленин” атындагы орто мектеп жана 4-орунга №17 “Х.Турсунов” атындагы орто мектеп татыган.

Жеңүүчү аталган мектептин жамаатына Кара-Суу шаарынын вице-мэри Жоомарт Жоробаев түстүү принтерди, ал эми калган мектептерге интерактивдүү такталарды белек катары тапшырган.

[image_carousel source=”media: 202981,202982,202983,202984,202985,202986,202987″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top