Караколдо ӨКМдин жаңы имараты ачылып, ага Президент катышты

08.08.2025 | 20:46

Бүгүн Каракол шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров катышып, куткаруучулар жана ардагерлер менен жолугуп, аларды жаңы имарат менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чарада өлкө башчысы ӨКМдин заманбап техникалары, куткаруу шаймандары жана учкучсуз учуучу аппараттар менен таанышып чыкты.

Жаңы административдик имарат заманбап шарттар менен жабдылып, кызматкерлердин ыкчам иштөөсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Ошондой эле имараттын ичинде “112” кызматы иштей баштады. Бул кризистик кырдаалдарда ыкчам чара көрүү жана элге эрте эскертүү системасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Маалыматка ылайык, буга чейин колдонулуп келген имарат 1956-жылы курулуп, 70 жылдай пайдаланылган. Жаңы имараттын курулушу 2023-жылдын декабрында башталып, министр Бообек Ажикеевдин демилгеси менен ишке ашкан.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top