Кыргызстандын курама командасы Түркиядагы каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 9 алтын медаль жеңип алдыҮрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскериштиАзия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыктыКыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жеттиКыргызстанда 243 миңден ашык адам кредит алууга өзүнө тыюу салды — Улуттук банк
Караколдо унаасы менен чимирилип ойногон жигит кармалды – сүрөт
06.07.2022 | 11:31
Бишкектин тургуну Караколдо шаардын борборунда дрифт (унаа менен айланып ойноо) уюштурган. Ал табылып, айып пул салынган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«5-июль күнү саат 17:25те Тойота Карина үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу шаардын негизги жолдорунун бири – Токтогул көчөсүнөн дрифт жасаган. Жакында бул жерде реконструкциялоо иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлдү. Окуяга күбө болгондор Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлашкан. Көп өтпөй МАИ инспекторлору унаанын айдоочусун аныктап, кармашкан. Ал Бишкектин 19 жаштагы тургуну болуп чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Жигиттин унаасы айып жайга коюлган. Унаа бейбаштыгы үчүн айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом