Мурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигиштиАлыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулуудаБаткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташатБишкекте эркек киши балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип кармалды
Каратечи Назим Нурланов Дүйнөлүк оюндарда күмүш байге утту
22.10.2023 | 17:29
Кыргызстандык каратечи Назим Нурланов Дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
75 кг салмакта күч сынашкан спортчу күмүш байгенин ээси болгон.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүүдө. Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат. Мелдешке Кыргызстандын атынан карате, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулар катышып жатат.
Буга чейин кыргызстандык самбочулар аталган мелдеште 3 коло медалга ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз