Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу күрөшөт

Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу күрөшөт

Бүгүн, 23-октябрда Албаниянын Тирана шаарында 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында дүйнө чемпионаты башталат. Мелдеш 23-29-октябрда болуп өтөт.

Дүйнө чемпионаты эркин күрөш боюнча спортчулар арасындагы таймаштар менен башталып, биринчи күнү балбандар  61, 74, 86, 92 жана 125 кг салмакта күч сынашат.

Аталган салмак категориялары арасынан 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу жана 92 кг салмакта Каныбек Абдулхаиров күрөшөт. 74, 86 жана 125 кг салмакта Кыргызстандан балбандар мелдешке катышпайт.

Тайырбек Жумашбек уулу таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде украиналык Андрей Джелеп менен кез келет. Каныбек Абдулхаировдун да биринчи кармашы 1/8 финалда болуп, ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Ярослав Ядковский менен күч сынашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>