29-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, жаан-чачын күтүлбөйтЖаратылыш ресурстары министри Япониянын элчиси менен экология жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкууладыЮстиция министрлиги адвокаттардын ишинен кемчиликтерди аныктап, Этика боюнча комиссиядагы катышуусун убактылуу токтоттуКыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайтКыргызстан мобилдик клиниканы каржылоону дагы эки жылга узартууну өтүндүНаманган менен Кыргызстан 55 млн долларлык фармацевтика өндүрүшүн биргелешип ишке ашырууну пландоодо
Күрөш: Депутат Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш утту (видео)
22.10.2023 | 14:57
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (49 жашта) күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынды.
Грекиянын Лутраки шаарында 17-октябрда башталган мелдеш бүгүн, 22-октябрда жыйынтыкталат.
Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 46-50 жаштагы балбандар арасында 78 кг салмакта таймашка чыккан.
Ал беттешти квалификациялык айлампадан баштап, биринчи кармашында ирандык балбан Хамид Фархадини 9:0 эсебинде уткан. Андан кийин чейрек финалда казакстандык Махмуд Орманды 13:2 эсебинде жеңген.
Чейрек финалда Икрамов польшалык Якуб Ковалчикти 7:0 эсебинде уткан.
Ал эми алтын үчүн беттеште Тазабек Икрамов швециялык Жимми Самуелсонго 12:3 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында ал күмүш байгенин ээси болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз