Каржы пирамидасын жарнама кылгандар жазаланат. Мыйзамга кол коюлду

15.05.2023 | 15:28

Президент Садыр Жапаров каржы пирамидаларын жарнамалагандарга жаза караштырган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мыйзам быйыл 5-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Бул мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Эскерте кетсек, башында мыйзам долбоорунда каржы пирамидаларын жарнамалагандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, аны менен бирге айып пул салуу сунушталган.

Каржы пирамидалар жарандарды 4,8 млн долларга алдап кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top