Каржы пирамидалар жарандарды 4,8 млн долларга алдап кеткен

Каржы пирамидалар жарандарды 4,8 млн долларга алдап кеткен

Кыргызстанда былтыр 1 миңден ашык адам каржы пирамидалардан жабыр тарткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга жаңы каржы пирамидаларынын курмандыгы болуп калуу коркунучу бар экенин эскертип, жеңил жана тез арада киреше алып келүүчү ар кандай күмөндүү келишимдерге катышпоону суранат.

«Каржы пирамидалары ар кандай жолдор менен өздөрүнүн алдамчылык схемаларын жашырат. Ал эми мындай күмөндүү уюмдардын бирден бир максаты – тез арада пайда алып келген убадаларына ишенген жарандардын акчасын өздөрүнө тартуу экенин түшүнүү керек. Каржы пирамидаларынын пайда болгонуна көп убакыт өткөнүнө карабастан, алар дагы эле ишенчээк кардарларды таап, алардан акча алуунун жаңы ыкмаларына өтүшкөн. Каржы пирамидасынын негизги айырмалоочу өзгөчөлүгү — жогорку кирешелүүлүк жана инвестицияланган акчаны тез кайтаруу убадасы. Алар ар кандай жеңилдиктерди, ар бир тартылган жаңы катышуучу үчүн бонустарды сунуштай алышат, эгерде кардар дагы эки салымчыны алып келсе, укмуштуудай пайыздар болот деп убада беришет», — деп белгилейт ИИМ.

Маалым болгондой, былтыр каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 1 миң 52 кылмыш иши тергелген, алардын ичинен эски жылдан 170 кылмыш иши өткөн.

«Тергөөнүн жыйынтыгы менен 765 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 27 жана 246-беренелеринин негизинде өндүрүштөн кыскартылган же токтотулган кылмыш иштери бар. Жабырлануучулардын саны 1 миң адамдан ашат. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан ашык сумманы түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү фактылары боюнча «Мега Инвест», «Элиза үй буюмдары», «Асыл айымдар», «Финико», «Файв виндс ассет мейважмемт», «Ордо-Мурас», «Аруке», «Жүрөкө-Жүрөк», «Балыкчы Ынтымагы», «Мега Инвест», «Аппи Трэвелс», «Алмаз Авто», «Эл Биримдик», «Нворк», «Куестро Ворд», «ОК платформа» жана башка уюмдарга кылмыш иши козголгон.

«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны күмөндүү уюмдарга салуу кооптуу экенин эскертет. Каржы пирамидалар каржы уюмдары эмес жана депозиттерди кабыл алууга лицензиясы жок. Жарандар каржы пирамидаларына акча салуудан мурда аларды жоготуу  коркунучу  бар экенин толук түшүнүшү керек. Акчаңыздын коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>