Ала-Букада эки айылдын тургундары ортосунда чыр чыкты (видео)

Ала-Букада эки айылдын тургундары ортосунда чыр чыкты (видео)

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда спорттук мелдеш учурунда эки айылдын тургундары ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 13-14-май күндөрү Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылында көзү өтүп кеткен жарандардын элесине арналып, райондун 8 айыл өкмөтү арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулган. Оюндун экинчи күнүндө саат 15:30 чамасында Сары-Талаа айылынын балдары менен Кош-Алмурут айылынын балдары ортосунда кайым айтыш чыгып, урушуп кетишкен.

Милициядан билдиришкендей, укук коргоо кызматкерлери мушташты болтурбай, токтотуп калган. Окуядан кийин милицияга 20га жакын адам жеткирилген.

Бул окуя милицияда «бейбаштык» болуп каттоого алынган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, район акими Кайырбек Чаргынбаев, райондук милициянын башчысы Эрнис Сатаров барып, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошол эле күнү Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов башында турган милиция кызматкерлери Ала-Бука районуна коомдук тартипти сактоого тартылган.

«Учурда Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов жеринде иш алып барууда. Ала-Бука районунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>