Каржы пирамидасын жарнама кылгандар жазаланат. Мыйзамга кол коюлду

Каржы пирамидасын жарнама кылгандар жазаланат. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров каржы пирамидаларын жарнамалагандарга жаза караштырган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мыйзам быйыл 5-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

«Бул мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Эскерте кетсек, башында мыйзам долбоорунда каржы пирамидаларын жарнамалагандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, аны менен бирге айып пул салуу сунушталган.

Каржы пирамидасын жарнама кылгандар 5 жылга кесилет. Долбоор

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>