Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Атада өтө турган «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келген.
Аны «Ысык-Көл» аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз