Кыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулду
Казак эли Кыргызстанда селден жабыркагандарга гумжардам жөнөттү (видео)
19.07.2024 | 09:53
Казакстандын BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN кайрымдуулук фонду Кыргызстандын түштүгүндө селден жабыркаган жарандарга 40 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бул фондго жардамдар негизинен казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын ичинде ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.
Аталган фондду Перизат Кайрат жетектейт.
Гумжардам жүктөлгөн унаалар бүгүн, 19-июлда таң эрте “Ак-Тилек” чек ара өткөрмөсүнөн өтүп, Ош облусун карай жол тартты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом