MegaPay тиркемесиндеги Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын банк карталарына акчаны бат жана оңой которуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.
Муну кантип ишке ашырса болот?
- Google Playже App Store’дон MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз;
- «Акча которуулар» бөлүмүнө өтүңүз, андан кийин акча которула турган өлкөнү жана банкты тандаңыз;
- сумманы, алуучунун реквизиттерин жазыңыз жана төлөмдү тастыктаңыз.
Каражат картага өтө тез убакта түшөт.
Тиркемеде акча которуулар төмөнкү жактарга жеткиликтүү:
- Украина, Тажикстандын банк карталарына («AlifBank’тан Корти Милли) жана Өзбекстанга (HUMO жана UzCard): комиссия – 0 сом;
- Россия менен Казакстандын банктарынын Visa жана MasterCard’тарына. Комиссия – сумманын 2%.
Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук Банкынын талабына ылайык, эл аралык акча которууларды мобилдик капчыктардын идентификациядан өткөн гана колдонуучулары жүргүзө алат. Идентификациядан өтүү үчүн MegaCom’дун каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылсаңыздар болот.