Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Казакстанда соцтармактагы “күйөө” аялды 36 млн. теңгеге алдап кеткен
26.09.2022 | 23:52
Актөбөдө социалдык түйүндөрдөгү “күйөө” аялды 36 миллион теңгеге алдап кеткенин КазТАГ билдирди.
«22-сентябрда 65 жаштагы аялдан арыз түшкөн. Ал социалдык тармактарда таанышкан шылуундун курмандыгы болгонун айткан. Эч нерседен бейкапараял батирин сатып, анын эсебиндеги акчаны чыгарып, алдамчыга 36 миллион сомдон ашык акча которгон», — деп айтылат маалыматта.
Полиция АКШнын жаранымын деп тааныштырган кишинин дарегин жана аты-жөнүн, акча салган эсептери боюнча бардык маалыматтарды тактады.
Кошумчалай кетсек, “күйөө бала” пенсияга чыккандан кийин Казакстанга көчүп келүү ниети бар экенин жазган.
Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинин 4-пункту (алдамчылык) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар