Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровдун айткандарына жооп кайтарды

Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровдун айткандарына жооп кайтарды

Айыл-чарба министрлигинин мурдагы жетекчиси Тилек Токтогазиев президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрь күнү «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде өзү жөнүндө айткан кептерине Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

«Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен дептирсиз.

Биринчиден тактоо иретинде айтып коеюн, Кыргыз Республиканын мыйзамы боюнча жаштар деп 14 жаштан 28 жашка чейинкилерди атай алабыз. Мен Кыргызстандын тарыхында эң жаш министр катары болуп, 29 жашымда дайындылдым. Биздин Өкмөттө 40 жашка толо электерден Артем Новиков (33 жашта) жана Алтынбек Исмаилов (34 жашта) эле болгон. Калгандар орто муун же улуу муундагылар болгон эле. Жалаң жаштар дегениңиз – карандай калп. Ошол эле учурда, үчөөбүз тең жогорку билимдүү, өз тармактарыбыздагы адистер катары ишти тың эле алып кетип жатканбыз.

Экинчиден биздин Өкмөт жарым жыл эмес, 3 эле ай иштеди. Бул сиздин экинчи калпыңыз»- деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>