МСК жеке ишкерлердин каттоо тууралуу кагаз жүзүндөгү күбөлүктөрүн санариптештирдиЭч бир мамлекет чакырыктарга жалгыз туруштук бере албайт — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлиги медициналык билим берүүгө лицензияны өзү берүүнү көздөөдөКРСУ 2026-жылдын салтанаттуу бүтүрүү кечесинин деталдуу программасын жарыяладыЖаратылыш ресурстары министрлиги жана кореялык эксперттер абанын сапатын жакшыртууну талкуулаштыМКК кызматкеринин өлүмү. Ысык-Көл облусунун беш тургуну кармалды — сүрөт
Казакстанда соцтармактагы “күйөө” аялды 36 млн. теңгеге алдап кеткен
26.09.2022 | 23:52
Актөбөдө социалдык түйүндөрдөгү “күйөө” аялды 36 миллион теңгеге алдап кеткенин КазТАГ билдирди.
«22-сентябрда 65 жаштагы аялдан арыз түшкөн. Ал социалдык тармактарда таанышкан шылуундун курмандыгы болгонун айткан. Эч нерседен бейкапараял батирин сатып, анын эсебиндеги акчаны чыгарып, алдамчыга 36 миллион сомдон ашык акча которгон», — деп айтылат маалыматта.
Полиция АКШнын жаранымын деп тааныштырган кишинин дарегин жана аты-жөнүн, акча салган эсептери боюнча бардык маалыматтарды тактады.
Кошумчалай кетсек, “күйөө бала” пенсияга чыккандан кийин Казакстанга көчүп келүү ниети бар экенин жазган.
Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинин 4-пункту (алдамчылык) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар