Унаасы каналдан табылып, өзү жок: Таласта 60 жаштагы адам изделүүдө

Унаасы каналдан табылып, өзү жок: Таласта 60 жаштагы адам изделүүдө

Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Жерине Кара-Буура райондук №91 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик крандын жардамы менен унааны чыгарышкан.

Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендиги не байланыштуу убактылуу токтотулду.

Жоголгон адамды издөө 27-сентябрь күнү улантылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>